«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кабарлангандай, 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Анын алкагында ушул жылдын 20-майында "Бишкек башкы архитектуранын" имаратында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда буга чейин Ж.Р.Ж. аттуу МИнин ИТЗ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси акча каражатынын бир бөлүгүн алгандыгы боюнча документтер табылган.
Ж.Р.Ж. жарандардын кайрылууларын кароо боюнча функционалдык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Б.К.Ж. аттуу жарандан муниципалитетке таандык ижарага алынган жер участогунун функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени оң чечүү үчүн 3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды", - деп жазылат атайын органдын маалыматында.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Аталган коррупциялык схемага башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги такталууда.