Бүгүн, 14-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султандыгынын тышкы иштер министри Бадр Аль-Бусаиди менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-оман кызматташтыгынын учурдагы маселелери, БУУ жана ИКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министрлер эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Тараптар бул кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилешип, жаңжалга тартылган тараптарды сабырдуулукка чакырышты.
Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер байланышта болуп турууну, кеңешмелерди улантууну жана ар кандай деңгээлдеги визиттерди уюштуруу аркылуу эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашышты.