Чүйдө 6 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда 6 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 13-июнда саат 21:30 чамасында катталган.

Анда 1994-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран Lexus RX300 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып 2019-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган факты райондук милицияда каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.

14-июнда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын айдоочусу убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда жабыркагандардын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрү алынып, айдоочунун айдоочулук күбөлүгүнүн бар-жогу, унаанын техникалык абалы жана тиешелүү документтер текшерилүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан