Жылнаама. 14-январь: 1994-жылы 20 жыл мурун Жогорку Кеңеште Мамлекеттик герб кабыл алынган

*1994-жылы (20 жыл мурун) "легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин жыйыны Мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.
Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюшулган комиссиялардын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.
*1987-жылы (27 жыл мурун) “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2010-жылдын сахна ажары” наамынын ээси, ырчы Кайыргүл Талас облусуна караштуу Арал айылында туулган. Ырчы көпчүлүккө "Кайдасың?", "Адашпайм эми", "Периштем" аттуу ырлар менен таанылган.
*1676-жылы (338 жыл мурун) италиялык композитор Франческо Кавалли көз жумган. Пьетро Франческо Калетти (Caletti) Куурулган мыктын барону (1674-жылы "Куурулган мыктар" аттуу чыгармасын жараткан) деген каймана ат менен белгилүү болгон италиялык композитор 1602-жылы 14-февралда Венецияда жарык дүйнөгө келген. Ага таандык 41 операнын "Язон" (Il Giasone) чыгармасы ийгилик алып келген. Кавалли гармония, ритм, модуляциянын ар түрдүүлүгү жана аспаптардан чыккан үндөргө өзгөчө көрк кошконду өздөштүрө алган. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан