"Бир кичинекей үйдө 18 жаран жашайт экен. Жолдорду гана кеңейтпестен сиздерге шартттарды түзүп берип жатабыз". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 16-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан Жумабаев көчөсүндө көчмө кеңешме жыйынында жергиликтүүлөргө билдирди.
Мэр бузулган турак үйлөрдүн ээлерине кошумча жерлерди берип, ар бир жаранга бийлик шарт түзө тургандыгын айтты.
Ошондой эле ал аймактагы жол курулуш ишин тездетүү, электр мамыларын жылдыруу, коммуналдык, чарбалык жумуштарды убагында бүткөрүп берүү жана жолдун негизин даярдап асфальт төшөөгө даярдык көрүү маселелери каралды. Жумабаев көчөсү алгач биринчи этапта 1,5 чакырым толук оңдолуп асфальтталат. Жолдун туурасы 22 метр болуп, эки тарабына тротуар, ирригациялык лоток жана жашыл аймак каралгандыгы маалыматта кошумчаланды.