Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Жапаров бүгүн, 17-июнда, "Борбордук Азия - Кытай" экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астанага кеткен. Президентти Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытайдын лидеринин катышуусу пландалууда.