Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өлкөнүн атын Кыргыз Эл Республикасы же Кыргыз Жер Республикасы деп өзгөртүүнү сунуштады.
Ал мындай демилгени мурун да көтөргөнүн эске салып, Кыргызстан деген аталыш Кеңеш өкмөтү учурунда өлкө аймагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин гана колдонула баштагынын белгиледи. Куловдун айтымында, бул учурга чейинки кыргыз тарыхында Кыргызстан деген аталыш колдонулган эмес.
"Акыркы убакта өлкөбүздө болуп жаткан айрым мамлекеттик символикалардын өзгөрүшү - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттун өзүн-өзү аңдоонун өсүшү. Мындан качып кутула албайбыз", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.