Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам 30-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусу, ишинин максаттары, негизги милдеттери жана функциялары;
– Улуттук илимдер академиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби;
– Улуттук илимдер академиясынын башкаруу органдары жана мекемелери тууралуу жоболор;
– Улуттук илимдер академиясын каржылоо жана мүлкү тууралуу жоболор;
– Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык камсыздоо тууралуу жоболор.