Тегерандын батышындагы түрмөдөн камалгандар качып кетишти. Ирандын басылмалары жапырт качуу тууралуу кабарлап жатышат.
Дизелабад шаарынын борбордук түрмөсүнүн жанында тартылган кадрлар тарап жатат. Анда окшош кийинген адамдардын качып бара жатканын көрүүгө болот.
Чет элдик ММКлар аларды түрмөгө кол салуудан кийин башаламандыктан пайдаланып качкан соттолгондор экенин айтышууда.