Талас мамлекеттик университетинин эски имараты бузулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, имарат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулат.
"Талас мамлекеттик университети – облустагы жогорку билим берүүчү алдыңкы окуу жайлардын бири. Бул университет облус тургундарына жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет", - деп белгиленген маалыматта.
Маалымат үчүн: Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган.