Израилдин соккусунан кийин Кытай Иранга үч жүк учагын жөнөттү. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, Кытай аскердик техника ташуучу учактарды жөнөткөн.
Иранга багыт алган биринчи каттам Израилдин соккусунан кийин дароо жума күнү учуп кеткен, экинчи каттам кийинки күнү Кытайдын деңиз жээгиндеги шаарынан чыккан. Үчүнчү каттам дүйшөмбү күнү Шанхайдан учканы айтылды. Айрым басылмалар учактын ичинде курал-жарактар болушу мүмкүн экенин жазышууда.
Үч Boeing 747 учагы тең бирдей маршрут боюнча учкан: Түндүк Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан өтүп, андан соң Ирандын аймагына жакын жерден радардан жоголгон.
Расмий маалыматтарга ылайык, маршрут боюнча учактар Люксембургга учмак, бирок Европанын аба мейкиндигинде бирөөсү да пайда болгон эмес.