Орусиянын Петрозаводск шаарынын 25 жаштагы тургуну эки айлык ымыркайын сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Мас абалындагы эне кызын ыйлап жатканы үчүн сабап салганы маалымдалган. Аял ичимдик ичкендиктен балага көңүл бургусу келген эмес. Шектүү кармалып, тергөө бөлүмүнө сурак берүү үчүн жеткирилген.
Ымыркай денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анын мээси чайкалып калган.
Окуянын чоо-жайы такталууда.