Бүгүн, 18-июнда саат 13:30 чамасында Бишкектин бардык райондорунда жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчтү.
Ооруканалар, калкты тейлөө борборлору, мектептер электр кубатысыз калышты. Айрым жарандардын лифтте калып калганы айтылууда. Ошондой эле борбордун кээ бир жерлеринде суу да токтогон.
Энергетика министрлиги электр станцияларынын биринде авария болгонун билдирди. Бирок кайсы станцияда болгону боюнча маалымат берилген жок.