Араң кыймылдап... Филипп Киркоров дарылануудан кийин ырдап чыкты (видео)

Интернет желесинде белгилүү орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун концерт учурунда араң кыймылдап жатканы тартылган видео тарады.

Анын жай кыймылын ден соолугу менен байланыштырышууда. Бирок азырынча видео качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Эске салсак, Киркоров 25-апрелде Санкт-Петербургдагы "Октябрьский" залында өтүп жаткан концерт учурунда күйүк алган. Анда анын күрмөсүнүн жеңи аркасына тагылган фейерверктен чачыраган оттон күйүп кеткен. Ага муундардын сезгенүүсү деген диагноз коюлган эле.

Ал дарылануудан соң июнь айынын башында биринчи жолу эл алдына чыккан. Анда ырчы MUZ-TV телеканалынын сыйлыктарын тапшыруу аземине конок катары катышканы белгилүү.

18.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан