АКШнын Жоржия штатында 30 жаштагы Адриана Смит аттуу айым каза болуп, курсактагы ымыркайы кесарево жолу менен жарыкка келди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, ал кош бойлуу болгондуктан, абортко тыюу салган жергиликтүү мыйзам боюнча анын жүрөгүн иштетүүчү аппараттан ажыратууга мүмкүн болгон эмес. Адриананын баласы 13-июнда кесарево жолу менен мөөнөтүнөн эрте жарыкка келди.
Балага Ченс деген ысым ыйгарылып, азыркы учурда төрөтканада. Салмагы болжол менен жарым килограмм. Үй-бүлөсү баланын абалы жакшырышын күтүп, үмүт кылууда.
Адриана февраль айында кош бойлуулугунун 9 жумалыгында баш оору менен ооруканага кайрылган. Дарыгерлер анын башында тромб бар экенин аныкташкан, бирок операция жасоо аракеттери натыйжа берген жок. Эсин жоготкондон кийин жакындары аны аппараттан ажыратуу чечимин кабыл алууну ойлоп жатышкан.
Бирок Жоржия штатындагы абортко тыюу салган мыйзамга ылайык, курсактагы баланын жүрөгү согуп баштагандан, тагыраагы, 6 жумадан кийин аборт кылууга мүмкүн эмес. Ошондуктан дарыгерлер Адриананы жүрөгүн иштетүүчү жана дем алдыруучу аппараттан ажыратпай, баланын кесарево жолу менен жарыкка келишин күтүштү.
Daily Mail гезитинин маалыматы боюнча, аядын мээсинин функциялары токтой баштаган. Бул балага терс таасирин тийгизиши мүмкүн эле, анткени бала август айынын башында төрөлмөк.
Адриананын үй-бүлөсү ошол кезде мындай маанилүү чечимди өздөрү кабыл ала албаганына өкүнүчтөрүн билдиришти.
"Бул мен үчүн чоң азап. Кызымдын дем алып жатканын аппараттан көрүп жатам, бирок ал жерде анын өзү жок",- деди анын апасы Эйприл Ньюкирк.
Ошондой эле баланын мээси сууга толуп калганын жана гидроцефалия диагнозу коюлганын кошумчалады. Вашингтон университетинин эне жана бала медицина бөлүмүнүн башчысы Стивен Ралстондун айтымында, бала төрөлсө да олуттуу кемтиктер менен төрөлүшү мүмкүн болчу.
"Бала көрүү жөндөмүн жоготушу мүмкүн, балким, баса албай калышы да ыктымал, бирок аны эч качан сүйүүдөн баш тартпайбыз жана коргойбуз",- деди Ньюкрик.
Бул окуя АКШда кызуу талкуу жаратып, айрымдар аталган мыйзамды адам укуктарын бузуу катары баалашса, башкалар баланы коргоо туура экенин айтып чыгышты.