Кыргызстанда 20-22-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү жарандарды тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат жана сел каналдарын, арыктарды тазалап, суунун өтүшүнө шарт түзүү керектигин эскертет.