Белгилүү орусиялык актёр Павел Прилучныйдын кайнатасына эл аралык издөөгө жарыяланып, ал Орусияда сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Актёрдун жубайы Зепюр Прилучная-Брутяндын атасы Аршак Брутянга эл аралык издөө жарыяланган. Москванын соту да ага карата Орусияда кармалган учурдан тартып камакка алуу же экстрадициялоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
19-июнда Брутянга кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу боюнча сыртынан айып тагылганы кабарланган эле. Бул үчүн ал 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.