Бразилиянын Мато-Гроссо-до-Сул штатында ягуар аллигаторго кол салып, аман калган. Бул тууралуу Need To Know басылмасы жырткычтардын кармашы тартылган видеону жарыялады.
Басылма видеону турист Итало Гарсия Алвес тартканын белгилейт.
Видео дарыя жээгиндеги дарактын үстүндө отурган жапайы айбанат менен башталат. Жырткыч аллигаторду көрүп, сууга секирип кирип, ага кол салган. Кармаш бир нече убакытка созулат. Аягында ягуар олжосун таштап, кайра жээкке чыгат.