Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында райондун 90 жылдыгына карата үч көчө асфальтталып, расмий колдонууга берилди. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Пайдаланууга берүү иш-чарасына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, район акими жана жергиликтүү тургундар катышты.
- Абдыманап Таштанов атындагы ички көчөнүн жалпы узундугу 3118 метр, туурасы 4,5 метр болгон жол толук асфальтталып бүттү. Бул иштер май айында башталып, республикалык бюджеттен 22 миллион 150 миң сом каражат бөлүнгөн.
- Күндөлүк айылындагы жолдун 1,5 чакырым аралыгы асфальтталып бүтүп, пайдаланууга берилди. Жолдун асфальтынын калыңдыгы 14 сантиметр болуп, жалпы сметалык баасы 16 миллион 100 миң сомду түздү.
- Кожо-Келен айылынын аралап өткөн ушул эле Ак-Терек–Папан–Кожо-Келен унаа жолунун 72–74-чакырым аралыгындагы 2 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул долбоор Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы 16 миллион 297 миң 395 сом каражат жумшалды. Жолдун туурасы 6 метр, асфальттын калыңдыгы 13 сантиметр.
Жаңы салынган бул жолдор мурда асфальтталган эмес. Жергиликтүү тургундар көп жылдар бою жолдун начар абалынан улам кыйналгандарын буга чейин айтып келген.