ЖМК: Трамп Иранга толук масштабдуу сокку урууга макул болду

АКШ президенти Дональд Трамптын командасы Иранга каршы аскердик чабуулга катышууга макулдук бергенин белгилүү журналист Сеймур Херш маалымдады.

Ал айткандай, Ак үй Иранды бомбалоо боюнча кеңири планды жактырган, бирок азырынча расмий буйрук бериле элек.

Трамптын максаты — Иранды өзөктүк программадан баш тарттырууга аракет кылуу.

Эгер чабуул башталса, негизги бута болуучу аймактар:

  • Фордо шаарындагы өзөктүк завод, ал тоонун астында жашырылган.
  • Бул объектке кадимки бомбалар жете албайт, ошондуктан атайын күчтүү бомбалар колдонулат (GBU-57A).
  • Мындай бомбаларды ташый турган B-2 Spirit аттуу атайын аскердик учак АКШда гана бар.

Axios сайты жазгандай, Трамп чабуул болордон мурда бул бомбалар заводду чын эле жок кыла алабы же жокпу деген кепилдикти аскер жетекчилеринен талап кылууда. Ошондой эле ал кеңири масштабдуу согушка аралашпай, Иранга так жана чектелген соккулар менен гана чектелүүнү каалап жатат.

"Иран менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Ошондуктан президент алдыдагы эки жуманын ичинде акыркы чечимди кабыл алат",- деди Ак үйдүн расмий өкүлү Кэролайн Левитт.

АКШнын талабы:

  • Иран уран байытпоого тийиш;
  • Өзөктүк куралга ээ болбошу керек.

АКШ азырынча Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын белгиледи, бирок толук маалыматты жарыялаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан