
Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өзүм билемдик менен мыйзамсыз уруксат берген курулуш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн 20-июнда мэрия билдирди.
Маалым болгондой, Шакиров көчөсүндө 4 кабаттуу соода түйүнү эл каттап жүргөн жолду тосуу менен мыйзамсыз курулуп жаткан.
"Жолдун ордун тосмолоп бетон иштерин жүргүзүүгө жетишкен. Бирок мэриянын бул курулуш боюнча кабары болгон эмес. Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда жол тосулуп, курулуш жүрүп жаткан объект мыйзамсыз экендигин билдирип тиешелүү кызматтарга тапшырма берген. Анын негизинде бүгүн курулуш иши толук токтотулду",- деп айтылат маалыматта.
Мэрия бул курулушка уруксат качан жана кайсы жетекчинин же мэрдин учурунда берилгендигин ачыктаган жок.