Бишкекте жаңы асфальт басылып, тосулуп турган жолдон унаалар өтүп жаткан видео тарады.
Окуянын күбөлөрү жолдун жаңы жасалганын эскертип жатса да унаалардын айдоочулары кайдыгер карап, өтүп кетишти.
"Мал болсо мейли, тебелеп өтүп кетет эле. Бирок бул адамдар малдан айырмасы жок", - деп калтырган интернет колдонуучулардын бири.
Видеодо уруксаты жок өтүп жаткан жол Жаш Гвардия көчөсүнүн бир бөлүгү экенин байкоого болот.