Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу менен маселени чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал 20-июнда Жогорку Кеңештин "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тыюу салуудан кийин өлкөдө контрабанда жана көмүскө сатуу башталат.
"Маселени чечүү керек, бирок кантип? Тамеки, алкоголдук ичимдиктерге, курамында канты бар суусундуктарга жана ширелерге, энергетикалык суусундуктарга акциздик салыкты кескин көтөрүү керек. Ошондо алардын баасы бир нече эсе кымбаттап, жаштар аларды сатып алууда эки жолу ойлонушат. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтүп, спортту өнүктүрүүгө жана ден соолукту чыңдоого жумшалат. Дүйнөдө тыюу салуу менен маселе чечилген эмес", - деп билдирди министр.
Сөзүн улай Чечейбаев энергетикалык суусундуктарды атайын сата турган дүкөндөргө гана уруксат берип, бейчеки саткандарга тыюу салуу керектигин билдирди.