Интернет желесине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин велосипед менен аймактарды кыдырып жүргөн видеосу тарады.
Ал таңкы рейдди жалгыз эле жасап жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле маселе жаралган жерлерди сүрөткө жана видеого тартып жатканы байкалат.
Айта кетсек, Токторбаев Ош шаарына башчы болуп дайындалгандан тарта таңы рейд өткөрүп, алгач бир топ жетекчилерди ээрчитип басып жүрдү. Андан соң чуркап текшерүүгө өткөн.