АКШ Кытай бийлигин Иранды Ормуз кысыгын жаппоого көндүрүүгө үндөдү

АКШ Кытай бийлигин Иранды Ормуз кысыгын жаппоого көндүрүүгө үндөөдө. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.

Мамлекеттик катчы Кытай өкмөтүн бул маселе боюнча Иранга кайрылууга чакырды.

"Алар өздөрү мунай үчүн Ормуз кысыгына абдан көз каранды",- деп кошумчалады Рубио.

Буга чейин Иран парламенти стратегиялык мааниге ээ Ормуз кысыгын жабуу демилгесин жактырганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан