Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

Жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Программа башталгандан бери республика боюнча жалпы 170 766 жарандан арыз түштү. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.

"Жер мунапысы - жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объекттерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Ошондуктан жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар 1-июлга чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн жер амнистиясы боюнча комиссияларга кайрылуусу керек",- деп айтылат маалыматта.

Учурда Жер агенттиги тарабынан жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу 64 820 мамлекеттик акт, 43 278 техникалык паспорт берилген.

Мунапыска алынган жалпы жер аянты 10 338 гектарды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан