Кызды бетке чаап, видеосу тараган киши кармалды. Ал милиция кызматкери (видео)

Социалдык тарамактарда аял кишини жемелеп, жаагына чапкан кишинин видеосу тарады.

УКМК бул жаранды көпкө узатпай кармады. Ал ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О. экендиги аныкталды.

Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, жабыркаган кыз арыз менен кайрылып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

26.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан