Оштун мэриясы Ысык-Көлгө унаага батпай бара жаткан окуучулар боюнча үн катты

Ош шаарынан Ысык-Көлгө эс алууга окуучулардын эсебинен ата-энелер да бара жатышат деген видео тарап, ал мэрияга караштуу "Келечек" чыгармачыл борборунун тарбиялануучулары экендиги айтылды. Бул видео социалдык түйүндөрдө кеңири жайылып, коомчулук кызуу талкуулашууда.

Бул арада мэрия окуя боюнча үн катты. Мэриянын маалымат кызматынын башчысы Жумамидин Сулайманкулов тийиштүү комиссия ички иликтөөсүн баштаганын билдирди.

"Мэрия бул видеолор боюнча кабардар. Учурда тийиштүү кызмат адамдарынан түзүлгөн атайын комиссия иш алып барууда. Видеодогу жагдайлар учурда такталып жатат. Маалыматтын чын же төгүнү аныкталса, кошумча кабарлайбыз",- деп белгиледи ал.

27.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан