Казак парламентинин эки палатасы тең коомдук жайларда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун колдоду. Документ өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жиберилгенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Мажилистин депутаттары мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгып, сунушталган өзгөртүүлөргө макул болушту.
"Документте кандай кийимдер боюнча айтылганы такталган эмес. Болгону бетти жаап жүрүүгө тыюу салынууда. Болжолдуу беткаптар, балаклавалар, бетти толугу менен жаап турган никабдар болушу мүмкүн. Казакстанда бир жылдан ашык убакыттан бери ага тыюу салынышы боюнча талкуу жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Касым-Жомарт Токаев никаб Казакстандын салттуу негиздерине ачык чакырык экендигин билдирген.