Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда шаардык мэрия билдирди.
"Жолугушууда Ош шаарынан шайланып барышкан курултай делегаттары тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы жана жасалып жаткан жумуштар боюнча маалымат берилди",-деп айтылат маалыматта.