Бүгүн, 29-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушуу учурунда Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанып, аны Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Евразиянын бермети экенин айтты.
"Ысык-Көл ушунчалык кооз экен. Ысык-Көл — Кыргызстандын эле эмес, бүт Евразиянын бермети", — деди Лавров. Ал эки өлкөнүн алакалары тең укуктуулукка, өз ара сый-урматка жана пайдага негизделгенин белгилеп, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге расмий сапарга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Ысык-Көлдүн жээгиндеги мына ушул керемет жерде иштейбиз, бирок, албетте, көбүрөөк эс алгыбыз келет", — деди ал Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушуу учурунда.
Эске салсак, кечээ, 28-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Иш сапардын алкагында Лавров президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуусу пландалууда.