Айып пул каралган! Эртеңден баштап өлкөдө электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат

Эртең, 1-июлдан тарта электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынган мыйзам күчүнө кирет.
Электрондук чылымга тыюу салуу сунушу өткөн жылы февралда коомдук талкууга коюлган. Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документтин авторлору - депутаттар Алишер Козуев менен Шаирбек Ташиев. Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров мыйзамга бир айдан кийин, 22-ноябрда кол койду.
Аталган мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук чылымды колдонуудан коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Электрондук чылымдарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралган.
Колдонгондорго:
- жеке жактарга 10 000 сом,
- юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат.
Ал эми аны саткандарга:
- жеке жактарга 20 000 сом,
- юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган.
Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100-120 миң сом айыпка жыгылат.
Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150-200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.
Адистер никотинден кутулуунун жолун электрондук чылымдан издегендер катуу адашат дешет. Курамы кадимки чылымдан айырмаланбайт. Анысы аз келгенсип, никотин ысык чыккандыктан, ооз көңдөйү сыяктуу назик органдарга түздөн-түз зыянын тийгизет. Себеби тамеки организмге ар кандай жыпар жыттар менен кошулуп кирип, рак оорусун козгоочу клеткаларды көбөйтөт.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан