АКШнын Аризона штатындагы Финикс шаарында энеси каза болгондон кийин бир нече күн бою анын жанында жалгыз калган ымыркай полиция тарабынан куткарылды. Бул тууралуу CBS News каналы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул окуя май айында болгон, бирок полиция расмий маалыматты 27-июнда жарыялады. Финикс полициясы 14-майда маркумдун кошунасынан кабар алган. Кошунасы ал айымдын жакында эле төрөгөнүн, бирок андан бир нече күндөн бери кабар чыкпай калганын айткан.
Бул маалыматка таянып, полиция аял жашаган батирге барган. Полиция кызматкерлери терезенин ачык экенин көрүп, ичин карашкан. Ошол учурда алар жерде жыгылып жаткан аялды байкашкан.
Полиция батирге киргенде алсырап, арыктап калган ымыркайды төшөктөн таап, куткарып чыгышкан. Кызматкерлер ымыркайды ооруканага жеткиришкен. Учурда баланын толук айыгышы күтүлүүдө.
Соттук-медициналык экспертиза маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо үстүндө иш алып барууда. Аялдын аты-жөнү коомчулукка жарыяланган жок.