Измир шаарынын Газиемир районунда чыккан токой өртүнө байланыштуу убактылуу жабылган Аднан Мендерес эл аралык аэропорту кайрадан учууларды кабыл ала баштады. Бул тууралууу түрк басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, Газиемирдеги токой өртү болгон аймакта түтүн тарагандан кийин аба каттамдары калыбына келтирилди.
Өрттүн узакка созулушу, аба аркылуу жүргүзүлгөн өрт өчүрүү иштеринин уландысы жана катуу шамалдын айынан жергиликтүү убакыт боюнча кечээ, 29-июнь саат 16:00дөн тартып Измирдеги бул аэропорттон учактардын учуусуна жана конушуна уруксат берилбей калган.
Измирге багытталган айрым каттамдар башка аэропортторго жиберилген болчу.