Ийри чуркоо... Трамп кармоочу жайдан качууну көздөгөн мигранттарга кеңеш берди (видео)

АКШнын президенти Дональд Трамп "Аллигатор Алькатрас" деп аталган мыйзамсыз мигранттарды кармоочу жаңы борбордун ачылыш аземинде качууга аракет кылган мигранттарга өз кеңешин берди. Бул тууралуу чет лдик басылмалар жазышты.

Ал аллигаторлор тамаша эмес экенин белгилеп, түз сызыкта чуркоо жырткычтын ишин жеңилдете турганын баса белгиледи.

"Эгер алар түрмөдөн качышса. Кантип качып кетишсе болот? Түз сызык менен чуркаба. Ушинтип чуркайсың (ийри траекторияны колу менен көрсөтөт). Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз 1 пайызга жакын өсөт, макулбу?",- деди Ак үйдүн башчысы.

Аталган борбор Флорида штатындагы Эверглейдс улуттук паркынын саздарында, көптөгөн аллигаторлор, крокодилдер жана питондор жашаган аймакта жайгашкан. Бейрасмий түрдө "Аллигатор Алькатрас" деп аталып калган. Саздар качууну кыйындаткан табигый тосмо катары кызмат кылмакчы.

02.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан