Социалдык тармактарда "Беткапчан киши" деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет 13 жаштагы Алимага жардам берди.
Алима 3-топтогу майып. Учурда жалгыз бой апасы жана иниси менен батирде турат.
"Мага сейрек кездешүүчү диагноз коюлган. Эс-учумду жоготуп, кулап калчу болдум. Жүрөгүм каалаган учурда токтоп калышы мүмкүн. Бир бутум кыска болгондуктан таяк менен басам. Чет өлкөдө көп сумманы талап кылуучу операция керек. Учурда апам экөөбүз дарыланууга акча чогултуу үчүн браслет жасап сатабыз",- дейт ал.
Беткапчан киши кыздын дарылануусуна жана окуусуна акча берип, батир белек кылды.