Иттин байкагычтыгы... Орусиядагы аэропортто жүргүнчүдөн маңзат табылды (видео

Орусиядагы Шереметьево аэропортунда бажы кызматкерлери Таиланддан келген орусиялык жүргүнчүдөн маңзат мармеладын табышкан. Бул тууралуу REN TV билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, Эгоза аттуу кызматтык ит 38 жаштагы кишинин чемоданынан шектүү нерсени байкаган. Кызматкерлер чемоданды тинтүүгө алышып, BUDS деген жазуусу бар банканы табышкан. Анда 22 грамм салмактагы төрт кызыл мармелад болгон. Экспертиза таттуунун курамында кара куурай бар экенин аныктаган.

Жүргүнчү кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон.

02.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан