АКШ менен Индия коргонуу жаатында кызматташуу келишимине кол коюшат

АКШнын коргоо министри Хегсет менен Индиянын коргоо министри Ражнатх Сингх быйыл дагы он жылдык эки тараптуу коргонуу кызматташтык келишимине кол коюуну макулдашты. Бул тууралуу Пентагон эки министрдин телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди.

Билдирүүдө тараптар АКШнын Индияга алдыдагы ири курал-жарак сатуусун жана коргонуу өнөр жай тармагында өлкөлөрдүн ортосундагы тыгыз кызматташтыктын зарылдыгын талкуулашканы да белгиленген.

Бул келишимге кол коюу боюнча макулдашуу АКШ президенти Дональд Трамп менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин февралдагы сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Мындай мүнөздөгү мурдагы АКШ-Индия келишимине 2015-жылдын июнь айында Нью-Делиде кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан