Кыргыз улуттук "Манас" театры Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 түзөтүү мекемесинде маданий иш-чара өткөрүлгөнүн кабарлап, видео жарыялады.
Маалымдалгандай, иш-чарага театрдын директору Нурбек Талантбеков, дастанчылар Улукбек Токтоболот уулу, Иманбек Жээнбеков жана Эсенбек Миталип уулу катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана руханий агартуу багытында өткөн.
Аталган театр жарыялаган видеодон 3 жылга эркиндигинен ажыратылган белгилүү акын жана активист Аскат Жетигендин комузда күү черткенин көрүүгө болот.
Эске салсак, ал былтыр 20-мартта кармалып, камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган. Свердлов райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Акын буга да каршы Жогорку Сотко кайрылган.
Быйыл 18-мартта Жогорку Сот Аскат Жетигендин арызын карап, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.