Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан жол боюндагы мыйзамсыз жайгаштырылган объекттерге каршы иштер улантылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык маанидеги Манас - Камышановка унаа жолунун боюнда, Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз курулган жана тиешелүү документтери жок болгон эки соода дүкөнү бузулду.
Белгилей кетсек, ушул жылдын алты айында жалпы 567 мыйзамсыз объект аныкталган.
Натыйжада мыйзам бузгандарга жалпы 391 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган жана бул каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.