"Укчукпай коюу андан да коркунучтуу". Жан Воиновдун аты аталган окуяда сабалган кыздар үн катты (видео)

"Шератон" мейманканасынын бассейнинде сабалган кыздардын бири белгилүү блогер Алина Жакыпова социалдык желедеги баракчасына пост жазып, окуя тууралуу кенен токтолду.

Анын айтымында, окуя 30-июнь күнү орун алып, 8 кишиден турган топ жигиттер аны жана эки курбусун сабап кетишкен.

"Мас абалында болгон Зарина Алмасова алгач келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп баштады. Бизди кемсинтүүгө өттү. Алар менен байланыштуу көп маалымат уккандыктан, биз унчукпай кутулууну көздөдүк, бирок тыянак чыкпады. Алгач бизге анын агасы Рустем Алмасов келип пикир келишпестик күчөдү андан кийин агасы баш болгон 8 жигит үч кызды сабады. Алар бир эмес, үч ирет ур-токмокко алышты",- деп жазган билдирүүсүндө.

Жакыпова алардын арасында коомдук ишмер Ассоль Модокматованын уулу, бийчи Жан Воинов да бар экендигин кошумчалап, анын колунан бычак да көрүшкөнүн билдирди.

Учурда милиция кылмыш ишин козгоп, бир жаран кармалгандыгын кабарлады.

Ал эми учурда Зарина Алмасова да, Жан Воинов да үн ката элек.

04.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан