"Шереметьево" аэропортунда жерге ыргытылган бала палатага которулду

Орусиядагы "Шереметьево" аэропортунда жабыркаган наристе жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

"Бүгүн баланын абалы туруктуу. Ал жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага чыгарылды, апасы менен байланышта, сүйлөгөн сөздү түшүнөт, жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткарат,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле наристе дарыгерлердин жардамы менен отура алат. Адистер аны толук калыбына келтирүү үчүн пландалган дарылоону улантышууда.

Эске салсак, 24-июнда социалдык тармактарда Орусиядагы аба майдандардын биринде белгисиз адам 2 жашар наристени жерге ыргытып жиберген видео тараган. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Владимир Витиков кармалган. Анын айтымында, ал Египеттин Каир шаарында курулушта иштеп жүргөндө баңгизат колдонгон, андан кийин аэропорттогу дүкөндөрдүн биринен ичимдик ичип, эс-акылын жоготуп койгон. Ал эми Витиков бул кылмышы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан