Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Эртең, 5-июлда Бишкек шаарындагы Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындай аракет жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын курулушуна байланыштуу жабылууда.

"Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Курулуш жумуштарына байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз жана күнүмдүк маршрутуңузду пландоодо жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан