Садыр Жапаров Азербайжанда өтүп жаткан ЭКУнун саммитине катышууда 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Азербайжандын Ханкенди шаарындагы конгресс-борбордо Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 17-саммитинин ишине катышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.

Эске салсак, бүгүн Азербайжандын Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун XVII саммити өтүүдө.

Саммитке уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн, тагыраагы Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери катышат. Ошондой эле Нигериянын бюджет жана экономикалык пландоо министри, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти да саммитке катышары күтүлүүдө.

Бул жолку жыйналыштын негизги темасы «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан