Бишкекте үч эм наристе төрөлдү

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте үч эм наристе төрөлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 3-июлда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келишти. Үчөө тең кыз.

Алардын салмагы – 2370 грамм, 2080 грамм, 2100 грамм.

Эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу. Аларга маска аркылуу СРАР ыкмасы менен респиратордук колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле интенсивдүү терапияга алынып, энтералдык азыктанууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан