Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында бутун сындырып алган орус жаранына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ кечээ, 5-июлда ал 112 кызматынан жардам сурап кайрылганын, андыктан жерине 5 куткаруучу жөнөтүлгөнүн белгиледи. Куткаруучулар аны тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Министрлик кырсыктаган киши эс алууга барганын кошумчалады.