Ысык-Көл облусунун Түп районунда 9 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондогу Ысык-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан жер аянты жеке жактардын менчигине мыйзам талаптарын бузуу менен өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 3 миллион 288 миң сомду түзгөн жер мамлекеттик менчикке алынды.