АКШнын Техас штатында узакка созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден каза болгондордун саны 50гө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, табигый кырсыктын очогу болгон Керр округунда 28 киши жана 15 бала каза тапкан. Ошондой эле 4 адам Травис округунда, 3 киши Бернет округунда каза болгон.
Куткаруучулар тик учактарды, кайыктарды жана дрондорду колдонуп, дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштерин жүргүзүүдө.