Бүгүн, 7-июлда Израил армиясы хуситтер көзөмөлдөгөн Ходейда, Рас-Иса жана Ас-Салиф портторуна, ошондой эле Рас-Канатиб электростанциясына жана Galaxy Leader аттуу мурда басып алынган кемеге сокку урганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Израил армиясы хуситтердин террористтик режими көзөмөлдөгөн аскердик объекттерге сокку урду. Хуситтер бул порттор аркылуу Иран режиминен курал алып келип, аны Израилге жана анын өнөктөштөрүнө каршы террористтик чабуулдар үчүн колдонуп жатышат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Galaxy Leader кемеси, Израилдин маалыматына караганда, 2023-жылдын ноябрында хуситтер тарабынан басып алынган. Андан бери алар кемеге радар системин орнотуп, аны Кызыл деңиздеги кемелерди байкап туруу үчүн колдонуп жатышкан.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац бул чабуулдар Йемендеги хуситтердин террористтик инфраструктурасын жок кылуу боюнча операциянын бир бөлүгү экенин билдирди.
Өз кезегинде хуситтер кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед Аль-Фарах мындай деди: “Портторго, электростанцияларга жана жарандык объекттерге урулган соккулар калкка зыян келтирүүнү көздөйт жана аскердик максаттарга эч кандай тиешеси жок.”