Аргентиналык футболчу Лионель Месси Сауд Арабиясынын "Аль-Ахли" футбол клубу менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу француз басылмасы L'Equipe кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясынын клубу Мессинин учурдагы келишими аяктаганга чейин күтүүгө даяр. Бул учурда аргентиналык чабуулчу эркин агент катары клубка акысыз өтө алат. Келишимдин каржылык жагы азырынча так айтылган жок, бирок "Аль-Ахли" Мессини трансферлөө үчүн чоң чыгымдарга барууга даяр экени белгиленүүдө.
Лионель Месси "Барселона" клубунун тарбиялануучусу, 2003-2021-жылдары каталониялык клубда 835 оюн өткөрүп, 709 гол жараткан. 4 жолу Чемпиондор Лигасын, 10 жолу Испания Ла Лигасын уткан. 2022-жылы Аргентина курама командасы менен Дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле ал 2 жолу Америка Кубогунун жеңүүчүсү, 8 жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээси.
2021-жылы ПСЖга өтүп, 2023-жылы АКШнын "Интер Майами" клубуна кошулган. Учурдагы келишими 2025-жылдын аягына чейин түзүлгөн.
Transfermarkt порталынын маалыматына ылайык, футболчунун баасы 20 миллион еврого бааланат.
Мессинин Сауд Арабиясына келиши бул өлкөнүн футболуна болгон кызыгууну арттырышы мүмкүн. Учурда аталган өлкөнүн футбол клубдарында Криштиану Роналду, Карим Бензема сыяктуу атактуу футболчулар ойношот.